• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кыргызстанда коронавирус жуктургандардын саны алты кишиге жетти

COVID - 19 0

Бишкек, 20.03.20. /Кабар/. Кыргызстанда дагы үч адамдан коронавирус аныкталды. Бул тууралуу саламаттык сактоо министри Космосбек Чолпонбаев өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында билдирди.

"Катталган учурлар Ноокат районунда болуп жатат. Алар изоляторго алынды. Алар умрага барып келгендер болууда", - деди ал.

Аны менен бирге ал умрага барып келгендер дүрбөлөң болбой, өзүн начар сезсе дарыгерге кайрылып, эч жакка барбоого чакырды.

Учурда Кыргызстанда коронавируска жуктурган адамдардын саны алтыга жетти.

Белгилей кетсек, 18-март күнү саламаттык сактоо министри Космосбек Чолпонбаев Кыргызстанда коронавирус жуктурган алгачкы учур катталганын – Сузак районунда (Жалал-Абад облусу) 3 адамда коронавирус аныкталганын билдирген. Алар 12-мартта Кыргызстанга Сауд Арабиясынан учуп келишкен. Коронавирус аныкталгандан кийин Сузак районунда өзгөчө кырдаал киргизилген.

Пикир

Оставить комментарий