• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Кыргызстанда дем алыш күндөрү 80 мас айдоочу кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 17.02.20. /Кабар/. Кыргызстанда 15-16-февраль күндөрү Жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылган башкы башкармалыктын кызматкерлери тарабынан 4 миң 122 жол эреже бузуулар аныкталган.

Ведомствонун басма сөз кызматынан кабарлашкандай, ар кандай эреже бузууларга байланыштуу 297 автоунаа айып унаа токтотуучу жайга киргизилген, мас абалында унаа башкаруу - 80, терезелерди караңгылатуу - 26, башка эреже бузуулар - 171.

Андан тышкары, айып пулдарды өз убагында төлөбөгөн 20 айдоочунун унаасы айып унаа токтотуучу жайга токтотулган.

Пикир

Оставить комментарий