• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Энергетика министри жылытуу мезгилине даярдык иштери тууралуу маалымат берди

Коом 0

Бишкек, 15.09.23. /Кабар/. 2023-жылы жалпы республика боюнча электр энергиянын керектөөсү 17,4 млрд кВт/с пландаштырылды. Бул тууралуу "Кабар" агенттигинде өткөн маалымат жыйынында энергетика министри Таалайбек Ибраев билдириди.

Министрдин айтымында, анын ичинен 14,2 млрд кВт/с ГЭСтерден жана ЖЭБден өндүрүлөт, калган 3,2 млрд кВт/с дефицитти Түркмөнстан, казакстан жана Россиядан импорттоо пландаштырылды.

"2023-жылдын 8-айына карата 9,6 млрд кВт/с электр энергиясы өндүрүлүп, 11,1 млрд кВт/с керектелди жана 1,495 млрд кВт/с импорттолду. Болжол менен Токтогул суу сактагычына 2023-жылы вегетация убагында 93% суу агып келсе, 2023-жылдын 1-октябрына карата суунун көлөмү 11,7 млрд м3 түзөт, ал эми 2024-жылдын 1-апрелине карата Борбордук Азиянын чектеш энергосистемаларынан электр энергиясын келишимдерге ылайык импорттоону эске алуу менен суу сактагычта 7 млрд м3 суу калуусу ктүлүүдө", - деди Ибраев.

Министр кошумчалагандай, 2023-2024-жылы жалпы республика боюнча 2 млн 746,4 миң тонна, анын ичинен бюджеттик мекемелерге – 298,9 миң тонна керектелет. Ар бир айга план бекитилген, сентябрь айына план 52,122 тонна болсо, бүгүнкү күндө 21,048 тонна камсыздалды.

Калк үчүн – 1 млн 247,5 миң тонна керектелет, сентябрь айында 182,470 тонна бекитилген. Бүгүнкү күнгө карата камсыздоо 233,3 миң тоннаны түзөт.

Бишкек ЖЭБине – 1 млн 200 миң тонна керектелет (550,0 миң тонна Д,ДГ Г маркасындагы импорт көмүрү жана 650,0 миң тонна жергиликтүү көмүрү).

Пикир

Оставить комментарий