• 88.66
  • 94.91
  • 0.96

Бишкекте мыйзамсыз курулуштар алынууда

Коом 0

Бишкек, 19.05.21. /Кабар/. Бишкек мэриясынын жер пайдалануу жана курулуш башкармалыгынын кызматкерлери "Тазалык" муниципалдык ишканасынын атайын бөлүмү менен биргеликте борбор калаадагы "мыйзамсыз курулуштарга" каршы күрөштү улантууда. Бул тууралуу муниципалитеттин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, түшүндүрүү иштеринен кийин, Семетей жана Подольская көчөлөрүнүн кесилишиндеги соода күркөлөрү үчүн бастырмалар ээлери тарабынан өз ыктыяры менен алынды.

“Манас көчөсүндөгү дүкөн жана тосмо алынып салынды. №4 кичи районундагы №4 үйдүн жанындагы мыйзамсыз орнотулган күркө демонтаждалды. "Бишкек шаарынын көчө-жол тармагын өнүктүрүү" долбоорунун экинчи этабынын алкагында Ак-Тилек көчөсүндө тосмолор жана чарбалык курулуштар алынды.

Архитекторская жана Чүй көчөлөрүнүн кесилишинде – 22 темир тосмо, Дордой-2 конушунда - 16 тосмо, Жолон жана Ашар көчөлөрүнүн кесилишиндеги турак эмес жайлар өз ыктыяры менен алынып салынды. Шота Руставели көчөсүндөгү, жолдун чыгыш тарабындагы тротуардын курулушуна тоскоол болгон бут кийим оңдоочу пункт демонтаждалды”, - деп айтылат билдирүүдө.

Ошондой эле бригада Чайковский көчөсүндөгү №52 үйдүн уруксаты жок орнотулган темир тосмосу демонтаж кылынды.

Мыйзамсыз орнотулган объектини көрсөңүздөр, 0707 48 61 62 телефону аркылуу фото жана видео фактыларды жөнөтүңүздөр.

Ошондой эле, Жер пайдалануу жана курулуш башкармалыгы социалдык тармактарда:
•Facebook:https://www.facebook.com/uzsbishkek/
• Instagram: @ uzs.bishkek

Пикир

Оставить комментарий