• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кыргызстанда эпизоотикалык абал туруктуу – Калысбек Жумаканов

Коом 0

Бишкек, 28-март /Кабар/. Кыргызстанда эпизоотикалык абал туруктуу. Бул тууралуу бүгүн маалымат жыйынында КРнын Өкмөтүнө караштуу мамлекеттик ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча инспекциянын директору Калысбек Жумаканов билдирди.

Анын айтымында, айрым көйгөйлөргө карабастан өлкөдө эпизоотикалык кырдаал туруктуу, анткени бардык ооруларды дароо жок кылууга болбойт да. “Бирок, ошондой болсо да биз үзгүлтүксүз негизде өлкөдөгү эпизоотикалык абалга мониторинг жүргүзүп жатабыз. Өкмөт тарабынан дагы бул жаатта туруктуулукту сактоо боюнча бардык чаралар көрүлүүдө",-деди ал.

Ал белгилегендей, 2016-жылы дүйнөдөгү эпизоотикалык кырдаал катаал болгон. “Бардык ветеринардык алдын алуу иш-чаралары өз жыйынтыгын бергендигинин аркасында, биз эпизоотикалык туруктуулукту сактай алдык. Биздин бардык маселелерибиз, анын ичинде каржылылоого байланыштуу көйгөйлөрүбүз тез чечилип жаткандыгы үчүн Өкмөткө ыраазыбыз. Эгер ветеринария чөйрөсүнө ар жылы 61 млн сом бөлүнүп келген болсо, азыр бул сумма 131 млн сомго жетти. Бюджетти көбөйтүү жаныбарлардын ооруларын алдын алуу жаатында жакшы иштерди бүтүрүүнү шарттады”,-деди К.Жумаканов.

Пикир

Оставить комментарий