• 88.68
  • 95
  • 0.95

Кыргызстанда илимий кызматкерлердин айлык акысын эки эсеге көбөйтүү планы каралууда

Коом 0

Бишкек, 10.11.23. /Кабар/. Министрлер кабинети тарабынан илимий кызматкерлердин айлык акысын эки эсеге көбөйтүү планы каралууда. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов КР Улуттук илимдер академиясында (УИА) жыл сайын 10-ноябрда белгиленүүчү Илим күнүнө арналган салтанаттуу жыйында билдирди.

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары куттуктоо сөзүндө учурдагы реалдуулукка жана чакырыктарга ыңгайлаштырылган маанилүү милдеттерди койду.

Минкаб жетекчисинин орун басарынын айтымында, «биринчи милдет – улуттук кызыкчылыктарга, мамлекетибизге кызмат кылуу, улуттук маданиятты коргоо жана өнүктүрүү, тарыхтыбызды жана тилибизди жандандыруу, заманбап коомду изилдөө. Бул улуттук өзгөчөлүктү бекемдөө жана ааламдашуу шартында аны коргоо үчүн зарыл».

«Экинчи милдет – уникалдуу жаратылышыбызды, флора жана фаунаны изилдөө. Кыргызстан эбегейсиз жаратылыш байлыктарына ээ, алар изилденип чыгып, өлкөнүн туруктуу өнүгүшү үчүн пайдаланылышы зарыл.

Глобалдык климаттын өзгөрүү кесепеттерин жумшартуу жана адаптациялоо боюнча көп иштерди илим коштоп турушу абдан маанилүү. Күн жана шамал энергиясы сыяктуу альтернативдүү энергия булактарын өнүктүрүү зарыл. Үчүнчү маселе – алдыңкы технологияларды жана илимий жетишкендиктерди күнүмдүк жашообузга киргизүү. Улуттук илимдер академиясы дүйнөлүк тенденцияларга көз салып, экономикага, билим берүүгө жана башка тармактарга инновацияларды ыкчам киргизүүнү камсыз кылуусу тийиш. Илим Кыргызстандын санариптик экономикага өтүшүн камсыз кылышы керек», — деди Эдил Байсалов.

Ал кошумчалагандай, «бул максаттарга жетүү үчүн финасылык салым гана эмес, жаңы илимий этиканы калыптандыруу, эл аралык кызматташтыкты өнүктүрүү, инновацияларды мамлекеттик колдоо, биринчи кезекте бүтүндөй калк арасында үзгүлтүксүз билим алуу маданиятын өнүктүрүү керек».

Белгилей кетсек, көп жылдардан бери алгач ирет министрлер кабинетинин 2023-жылдын 28-сентябрындагы буйругу менен тогуз илимий-изилдөө долбоорун ишке ашырууга 110,7 млн сом бөлүнгөн. Анын ичинде археологиялык иштерди жүргүзүү, сейсмикалык райондоштуруу картасын түзүү, ДНК лабораториялык борборун ачуу жана Э.Гареев атындагы Ботаникалык бакты бекемдөө иштери бар.

Келерки жылы илимди каржылоо көлөмү бир кыйла жогорулатылат.

Пикир

Оставить комментарий