• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Кыргызстанда көмүрдүн баасы бир айда дээрлик 15 пайызга кымбаттады

Экономика 0

Бишкек, 12.11.21. /Кабар/. Көмүрдүн чекене баалары Кыргызстан боюнча 2021-жылдын 11-ноябрына карата үстүбүздөгү жылдын октябрына салыштырмалу орточо эсеп менен алганда 14,7 пайызга жогорулап, бир тоннасы 5 942,9 сомду түздү. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитети билдирет.

Маалыматка ылайык, көмүргө эң жогорку баа Ноокат (бир тонна үчүн – 10 миң сом), Баткен (бир тонна үчүн – 9 344,7 сом) жана Исфана (бир тонна үчүн – 8 746,4 сом) шаарларында катталды.

Муну менен бирге минималдуу чекене баалар Чаек айылында (бир тонна үчүн - 3 000 сом), Балыкчы шаарында (бир тонна үчүн – 4 049,7 сом), Нарын жана Кара-Балта шаарларында (бир тонна үчүн – 4 миң 500 сом) болгону байкалды.

Көмүргө карата баалар үстүбүздөгү жылдын октябрь айына салыштырмалуу Кербен - тоннасы 1 138,0 сомго же 19,0 пайызга, Бишкек – тоннасы 1 039,1 сомго же 22,8 пайызга, Талас – тоннасы 989,2 сомго же 17,4 пайызга жана Жалал-Абад – тоннасы 946,3 сомго же 16,2 пайызга бир кыйла өсүшү белгиленди.

2021-жылы көмүрдүн орточо керектөөчү баалары айрым калк жашоочу пункттарында

(бир тонна, сом)

Нет описания.

Пикир

Оставить комментарий