• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Кыргызстанда күнүнө 600 миң беткап чыгарылууда

COVID - 19 0

Бишкек, 05.08.20. /Кабар/. Кыргызстанда күнүнө 600 миң беткап чыгарылууда. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында премьер-министр Кубатбек Боронов билдирди.

Ал билдиргендей, Кыргызстанда 10 ишкана беткап чыгарып иштөөдө.

"Беткаптын түрлөрү чыгарылууда: бир, эки, үч кабат беткаптар, респираторлор бар. Бүгүнкү күнү алар күнүнө жалпы 600 миң беткап чыгарууда. Ошондой эле 7 ишкана медицина кызматкерлеринин коргонуучу костюмдарын чыгарууда", - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий