• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кыргызстанда коронавирус менен ооруган бир бейтапты дарылоого канча каражат сарпталары айтылды

Коом 0

Бишкек, 16.06.20. /Кабар/. Бүгүн өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун төрагасынын биринчи орун басары Клара Өскөнбаева Кыргызстанда коронавирус менен ооруган бир бейтапты дарылоого канча каражат сарпталарын айтып берди.

Ал белгилегендей, коронавируска чалдыккан бир адамды дарылоого канча каражат сарпталары кайра такталып эсептелип чыкты.

Коронавирус жуктурган бир бейтапты дарылоого кеткен чыгым:

- оору белгилери жок өткөн учурда– 3 миң 30 сом;

- оору жеңил формада болсо – 3,5 миң сом;

- орточо оор абалдагыларды дарылоо – 10 миң 817 сом;

- оор абалдагыларды дарылоо – 70 миң 427 сом;

- өтө оор абалдагыларды дарылоо – 132 миң 837 сом.

Пикир

Оставить комментарий