• 88.39
  • 94.96
  • 0.97

5-сентябрга карата Кыргызстанда күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат

Коом 0

Бишкек, 04.09.23. /Кабар/. Кыргызгидромет борбору сел коркунучуна байланыштуу чукул билдирүү таратып, бүгүн-эртең өлкө аймагында нөшөрлөгөн жамгыр жаашы мүмкүндүгүн эскертти. Ага байланыштуу республиканын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү мүмкүн.

Эртең, 5-сентябрда Чүй, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде, Ош облусунун тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда жаан жаап, күн күркүрөйт. Ош облусунун өрөөндөрүндө жана Талас, Жалал-Абад, Баткен облустарында жаан-чачын болбойт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы Чүй облусунда түнкүсүн 8…13, күндүз 19…24, Талас облусунда түнкүсүн 5…10, күндүз 17…22, Ысык-Көлдө түнкүсүн 5…10, күндүз 16…21, Нарын облусунда түнкүсүн 3…8, күндүз 16…21 градус болот.

Ал эми Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында абанын табы түнкүсүн 9…14, күндүз 23…28 градуска чейин жогорулайт.

Бишкек шаарында түнкүсүн жана эртең менен жаан жаайт. Күндүз жаан-чачын күтүлбөйт. Термометрдин көрсөткүчү түнкүсүн 11…13, күндүз 22…24 градуска жетет.

Пикир

Оставить комментарий