• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Кыргызстанда коронавирус жуккандар менен байланышта болгондордун саны 3 миң 86га жетти

COVID - 19 0

Бишкек, 30.04.20. /Кабар/. Кыргызстанда 30-апрелге карата коронавирус жуккандар менен жакын байланышта болгондордун саны 3 миң 86 адамга жетти. Бул тууралуу өкмөт үйүндө өткөн маалымат жыйынында Коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова билдирди.

Анын айтымында, байланышта болгондордун саны эпидемиологиялык изилдөөлөрдүн жүрүшүндө өзгөрүшү ыктымал.

Акматова кошумчалагандай, Кыргызстан боюнча обсервацияда 864 адам жатат.

Белгилей кетсек, 30-апрелге карата Кыргызстанда коронавирус жуккан жаңы 17 учур аныкталып, өлкө боюнча COVID-19 вирусун жуктуруунун 746 учуру катталды. Алардын ичинен 196сы медицина кызматкерлери. Учурда стационарда – 276 жатат, алардын ичинен алтоо реанимацияда. 462 бейтап айыгып, ооруканадан чыгарылды. Ал эми сегиз адам каза болду.

Пикир

Оставить комментарий