• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кыргызстанда бир күн ичинде 2 медицина кызматкеринен коронавирус аныкталды

COVID - 19 0

Бишкек, 24.05.20. /Адил Төлөгөнов – Кабар/. Кыргызстанда бир күн ичинде 2 медицина кызматкеринен коронавирус аныкталды. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында саламаттык сактоо министринин орун басары, өлкөнүн башкы санитардык дарыгери Нурболот Үсөнбаев билдирди.

Анын айтымында, өлкөдө жалпы 275 медицина кызматкери коронавирус жуктуруп алган. Алардын ичинен 230 медицина кызматкери коронавирустан айыгып, ооруканадан чыгарылган.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда 24-майга карата коронавирус жуктурган 38 жаңы учур катталды. Азыркы тапта өлкөдө коронавирус жуктурган учурлардын саны 1403тү түзөт. Алардын ичинен 980 адам коронавирустан айыгып, ооруканадан чыгарылган. Коронавирус жуктурган 14 адам каза болду.

Пикир

Оставить комментарий