• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Премьер-министр Абылгазиев кыргызстандыктарды Орозо айт майрамы менен куттуктады

Өкмөт 0

Бишкек, 24.05.20. /Кабар/. Кыргызстандын премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев кыргызстандыктарды Орозо айт майрамы менен куттуктады. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирет.

Урматтуу мекендештер!

Кадырлуу момун мусулмандар!

Баарыңыздарды Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан ыйык Орозо айт майрамыңыздар менен чын жүрөгүмдөн куттуктайм.

Бул күнү жалпы мусулман эли ыйык Рамазан айындагы орозону соңуна чыгарып, жыйынтыктап олтурат. Кармаган орозоңуздар, тилеген ниеттериңиздер кабыл болсун!

Рамазан айы – бул ар бир мусулмандын өзгөчө жана маанилүү айы.

Быйыл куттуу Рамазан айы башка жылдардан айырмаланып, дүйнөнүн бардык мамлекеттерине жайылган таажы илдети менен күрөшүү мезгилине туш болуп калды. Рамазан айынын сабырдуулукка жана кечиримдүүлүккө, кайрымдуулукка жана айкөлдүккө чакырган сыпаттары бүгүнкү күндө таажы илдетинен арылууда жарандарыбыздын жоопкерчиликтүү жана тазалык сымал жакшы сапаттарын көрсөтүп, бул татаал мезгилден татыктуу чыгып кетүүбүзгө бекем үмүт берип жатат деп ишенем.

Өлкөбүздүн бүгүнкү жана эртеңки келечеги үчүн элибиздин ынтымагы жана бейпилчилиги өзгөчө мааниге ээ жана баарынан кымбат. Биздин өлкөдө бардык диний маданияттарга, салттарга, ишенимдерге терең урматтоо менен мамиле жасалат. Кыргызстан элдеринин ортосундагы мындай сый карым-катнаштар – көп улуттуу мекенибиздин татыктуу жашоосунун жана гүлдөп өсүшүнүн башкы шарты экендигине терең ишенем.

Жараткан куттуу өлкөбүзгө тынчтыкты жана өсүп-өнүгүүнү, элибизге сабырдуулук, биримдик жана бак-таалай буюрсун!

Бүткүл кыргызстандыктарга жана ар бир үй-бүлөгө чың ден-соолук, тынчтык жана жакшылыктарды каалайм!

Пикир

Оставить комментарий