• 88.68
  • 95
  • 0.95

COVID-19га каршы 2021-2023-жылдарга карата иш-чаралар планы иштелүүдө

COVID - 19 0

Бишкек, 16.09.21. /Кабар/. COVID-19га каршы 2021-2023-жылдарга карата иш-чаралар планы иштелүүдө. Бул тууралуу Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин медициналык жардам жана дары-дармек саясат башкармалыгынын башчысы Нурида Жусупбекова брифинг учурунда билдирди.

Анын айтымында, Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги ДССУнун колдоосу менен COVID-19ду алдын алуу жана көзөмөлдөө үчүн жооптуу мамлекеттик органдардын өкүлдөрүнү менен биргеликте иш-чаралар планынын үстүнөн иштөөдө.

“Иштелип чыккан пландын долбоору COVID-19га даярдыкты жакшыртуу боюнча институционалдык мүмкүнчүлүктөрдү, ошондой эле келечекте коомдук ден соолукка коркунучтарды алдын алууну камтыйт. Пландын маанилүү компоненттери — туруктуу каржылоо, секторлор аралык координация, саламаттык сактоону толук санариптештирүү, ошондой эле ден соолукту коргоо эрежелерин үзгүлтүксүз сактоо, компетенттүү булактардан алынган маалыматка элдин ишеничин жогорулатуу жана пандемияда сунушталган жүрүм-турумдарды сөзсүз кабыл алуу болуп саналат”, - дейт ал.

Пикир

Оставить комментарий