• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Садыр Жапаров Мексика президентин Эгемендүүлүк күнү менен куттуктады

Президент 0

Бишкек, 16.09.21. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаров бүгүн, 16-сентябрда, Мексика Кошмо Штаттарынын президенти Андрес Мануэль Лопес Обрадорду Эгемендүүлүк күнү менен куттуктады. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирет.

«Кыргыз Республикасынын элинин жана жеке өзүмдүн атымдан Сизди жана Мексика элин Эгемендүүлүк майрамы менен куттуктоого уруксат этиңиз. Кыргыз Республикасы менен Мексика Кошмо Штаттарынын ортосундагы достук мамилелер өз ара пайдалуу кызматташуунун негизинде андан ары дагы бекемделет деп ишенем», — деп айтылат куттуктоо текстинде.

Садыр Жапаров Андрес Мануэль Лопес Обрадорго чың ден соолук жана ийгиликтерди, ал эми Мексика элине тынчтык, бакубат жашоо жана гүлдөп-өнүгүү каалады.

Пикир

Оставить комментарий