• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кыргызстанда коронавирус жуккандар менен жакын байланышта болгондордун саны 3,5 миңден ашты

COVID - 19 0

Бишкек, 04.05.20. /Кабар/. Кыргызстанда 4-майга карата коронавирус жуккандар менен жакын байланышта болгондордун саны 3 миң 545 адамга жетти. Бул тууралуу өкмөт үйүндө өткөн маалымат жыйынында Коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова билдирди.

Анын айтымында, байланышта болгондордун саны эпидемиологиялык изилдөөлөрдүн жүрүшүндө өзгөрүшү ыктымал.

Акматова кошумчалагандай, Кыргызстан боюнча обсервация 908 адам жатат.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда 4-майга карата коронавирус жуктурган 35 жаңы учур катталды. Азыркы тапта өлкөдө коронавирус жуктурган учурлардын саны 830 адамга жетти. Алардын ичинен 575 адам коронавирустан айыгып, ооруканадан чыгарылган. Ал эми коронавирус жуктурган он адам каза болду.

Пикир

Оставить комментарий