• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кыргызстанда коронавирус жуктурган 353 адам бейтапканаларда дарыланууда

COVID - 19 0

Бишкек, 15.05.20. /Кабар/. Кыргызстанда коронавирус жуктурган 353 адам бейтапканаларда дарыланууда. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.

Ал белгилегендей, коронавирус жуктурган 5 адамдын абалы оор, анын ичинен үчөө реанимацияда жатат. 75 бейтаптын абалы орточо оор, 273 бейтаптын абалы канааттандырарлык.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда 15-майга карата коронавирус жуктурган 29 жаңы учур катталды. Азыркы тапта өлкөдө коронавирус жуктурган учурлардын саны 1111ди түзөт. Алардын ичинен 745 адам коронавирустан айыгып, ооруканадан чыгарылган. Коронавирус жуктурган 14 адам каза болду.

Пикир

Оставить комментарий