• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Кыргызстанда коронавирусту массалык түрдө аныктай турган диагностика системасы ишке кирди

COVID - 19 0


Бишкек, 23.04.20. /Кабар/. Кыргызстанда COVID-19 массалык лабораториялык диагностика системасы ишке киргизилди. Бул тууралуу коронавируска каршы Республикалык штабдан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, жаңы лаборатория коронавирусту аныктоо үчүн бардык талаптарга жана стандарттарга жооп берет. Саламаттыкты сактоо министрлиги тарабынан Республикалык карантиндик жана өзгөчө кооптуу инфекциялар борборунун алдындагы "Вирустук изилдөөлөр жана сейрек инфекциялар лабораториясынын" өндүрүштүк базасында тийиштүү жай берилди.

Өз кезегинде "Бонецкий лабораториясынын" жетекчилиги медиктер жана укук коргоо органдарынын кызматкерлери үчүн 3 миң 55 акысыз ПЧР-тесттерди өткөрүүгө даяр экендигин билдирди.

"Бонецкий лаборатория" тармагынын башкы директору Артём Лыжин билдиргендей, долбоор ишкерлердин жана меценаттардын кайрымдуулук берүүлөрүнүн эсебинен ишке ашырылды. Бул демилгеге биринчилерен болуп "Мөл Булак" микрокредиттик компаниясы кол сунду. Компания 100 миң АКШ долларына реагенттерди, ошондой эле ЖКК (жеке коргонуу каражаттарын) сатып алууга жана зарыл технологиялык жабдуулар үчүн 61 миң АКШ долларын бөлүп берди.

Пикир

Оставить комментарий