• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кыргызстанда мамлекеттик жана муниципалдык кызматчылардын саны 27,5 миңди түзөт — Базарбаев

Коом 0

Бишкек, 22.12.23. /Кабар/. Бүгүнкү күндө Кыргызстанда мамлекеттик жана муниципалдык кызматчылардын жалпы саны 27 миң 570ти түзөт. Бул тууралуу "Кабар" агенттигинде өткөн маалымат жыйынында Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Кудайберген Базарбаев билдирди.

Анын айтымына караганда, президенттин “Жаңы мамлекеттик кадр саясаты жөнүндө” Жарлыгында белгиленген максаттарга ылайык, агенттик тарабынан мамлекеттик башкаруунун аброюн жогорулатуу үчүн мамлекеттик жана муниципалдык кызматка сабаттуу, демилгелүү, кесипкөй кадрларды тартуу багытында жумуштар аткарылууда.

"Мамлекеттик органдарда жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында бош кызмат орундарына дайындоо ачык конкурс аркылуу түзүлгөн кадрлар резервинен жүргүзүлөт. Кадрлар резервине конкурс өткөрүүдө талапкерлерди тестирлөө агенттикте өткөрүлөт", - деди ал.

Базарбаев 2022-жылы 10 мин 379 адам, 2023-жылы 21 миң 995 киши тестирлөөдөн өткөндүгүн кошумчалады.

Пикир

Оставить комментарий