• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кыргызстанда мектеп окуучулары жана жаштар арасында орус тилинде көркөм окуу конкурсу өттү

Билим 0

Бишкек, 31.05.21. /Кабар/. "Орус тили Кыргызстанда – жаңы мейкиндиктер" иш-чарасынын алкагында Алыкул Осмонов атындагы Улуттук китепканада Кыргызстандын мектеп окуучулары жана жаштары арасында орус тилинде көркөм окуу конкурсу болуп өттү. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, акын-жазуучулардын ырларын жана көркөм чыгармаларын окуп берүү үчүн өлкөнүн булуң-бурчунан Бишкекке 7 жаштан 17 жашка чейинки курактагы катышуучулар келишти.

Катышуучулардын санынын көптүгүнө байланыштуу конкурсанттардын өнөрүн баалоо үч курактык категорияда жүзөгө ашырылды. Конкурстун бардык катышуучулары сертификаттарды алышты, ал эми байгелүү орундар төмөнкүчө бөлүштүрүлдү:

I категория (7 10 жаш)

1-орун – Аким Муйитдинов

2-орун – Каныкей Акышбекова

3-орун – Арий Вощиков

II категория (10 13 жаш)

1-орун – Анатолий Мин

2-орун – Адинай Жанышова

3-орун – Ильяс Ормонов

III категория (13 17 жаш)

1-орун – Латифа Алиева

2-орун – Саид Гусейнов

3-орун – Ислам Рахманов

"Орус тили Кыргызстанда – жаңы мейкиндиктер" долбоору Орус тили жана адабияты мугалимдеринин эл аралык ассоциациясынын катышуусунда, Роскызматташтыктын Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн, КР Билим берүү жана илим министрлигинин, Россиянын Кыргызстандагы элчилигинин жана Кыргызстандын Россиядагы элчилигинин колдоосу, Президенттик гранттар фондунун финансылык колдоосу менен Орус гуманитардык миссиясы тарабынан ишке ашырылууда.

Пикир

Оставить комментарий