• 80.26
  • 79.23
  • 1.36

Кыргызстандык 50 студент Башкортостанга окууга барат

121 кароо Билим 0

Бишкек, 17.08.22. /Кабар/. Билим берүү жана илим министринин орун басары Уланбек Мамбетакунов Башкортостан республикасына окууга жөнөп жаткан студенттер менен жолугушту. Бул тууралуу ведомствонун басма сз кызматы билдирет.

Министрдин орун басары билимдүү жаштар мамлекеттин келечеги экенин, сабаттуу коом гана өлкөнү күчтүү кыла аларын белгилеп, студенттердин алдыдагы окууларына ийгилик каалады.

Кыргызстандын ар кайсы аймагынан 50 студент М.Акмулла атындагы Башкир мамлекеттик педагогикалык университетине окууга өткөн. Алар педагогика жана психология жаатында билим алышат.

Аталган окуу жай студенттерге акысыз билим берип, ай сайын стипендия төлөп берет.

Пикир

Оставить комментарий