• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кыргызстанда насыя алгандардын саны 17 пайызга өстү

Экономика 0

Бишкек, 20.05.21. /Кабар/. Үстүбүздөгү жылдын I кварталында микрокредиттерди берүүчү уюмдар тарабынан 8,5 млрд сом суммасында кредиттер берилди, муну менен бирге алуучулардын саны 168,4 миң адамды түздү. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети билдирет.

Маалыматка ылайык, микрокредит алган калктын саны өткөн жылдын тийиштүү мезгилине салыштырганда 17%га, ал эми берилген микрокредиттердин көлөмү - 23,4%га көбөйдү.

Нет описания.

Микрокредиттерди алуучулардын басымдуу саны Ош (алуучулардын жалпы санынын 23,8 %ы) жана Жалал-Абад облустарына (17,3%ы), ошондой эле Бишкек ш. (14,5%ы) туура келди.

Микрокредиттердин эң көп суммасы Ош облусунун (берилген микрокредиттердин жалпы көлөмүнүн 1,9 млрд. сому же 22,8%ы), Бишкек ш. (1,4 млрд. сом же 16,5%), Жалал-Абад (1,3 млрд. сом же 15,1%) жана Чүй облустарынын (1,2 млрд. сом же 13,8%) алуучуларына берилди.

Үстүбүздөгү жылдын I кварталында берилген микрокредиттердин жалпы көлөмүнүн 36,3%ы - айыл чарбадагы ишмердикти өнүктүрүүгө, 30,2%ы - керектөөчүлүк муктаждыктарга, 11,5%ы соода жана коомдук тамак-аш чөйрөсүнө багытталды.

Нет описания.

Үстүбүздөгү жылдын I кварталында белгиленген мөөнөттөргө ылайык микрокредиттерди кайтаруунун деңгээли, өткөн жылдын I кварталына салыштырмалуу бир пайыздык пунктка көбөйүү менен 89 жакын пайызды түздү.

Пикир

Оставить комментарий