• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кыргызстанда ооруканаларда 10 миң 801 бейтап коронавирус жана пневмониядан дарыланууда

COVID - 19 0

Бишкек, 27.07.20. /Кабар/. Кыргызстанда ооруканаларда 10 миң 801 бейтап коронавирус жана пневмониядан дарыланууда. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйындыСаламаттык сактоо министрлигинин коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова билдирди.

Анын айтымында, учурда өлкөнүн ооруканаларында коронавирустан 4 миң 722 адам жана 6 миң 79 бейтап пневмониядан дарыланууда.

"Бишкек шаарында 4 миң 395 киши, Ош шаарында – 655, Чүй облусунда – 1 миң 313, Ош облусунда – 1 миң 231, Нарын облусунда – 263, Ысык-Көл облусунда – 1 миң 47, Жалал-Абад облусунда – 942, Талас облусунда – 386, Баткен облусунда 569 бейтап дарыланууда", - деди ал.

Бүгүнкү күнгө карата Кыргызстанда коронавирус (пневмонияны эсепке алганда) жуктурган 483 жаңы учур катталды. Учурда Кыргызстанда коронавирус жуктурган учурлардын саны 33296ны түзөт. Алардын ичинен 21205 киши айыгып чыкты, 1301 адам каза болду.

Пикир

Оставить комментарий