• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Кыргызстанда Орозо айт 5-июнда белгиленет – Муфтий Максатбек ажы Токтомушев

Коом 0

Бишкек, 04.06.19. /Кабар/. Кыргызстанда Орозо айт 5-июнда белгиленет. Бул тууралуу Муфтий Максатбек ажы Токтомушев билдирди.

Муфтий орозо туткан жарандарды орозосун бузбоого чакырган.

"Урматтуу Кыргызстандагы мусулман бир туугандар, эже карындаштар! Кыргызстан, Өзбекстан, Казакстан, Тажикстан, Индия, Пакистан, Австралия, Малайзия, Индонезия, Корея, Япония, Дагестан жана Кувейт, Египет, Иордания, Сирия сыяктуу араб мамлекеттеринде 5-июнда Айт майрамы белгиленет. Бүгүн, 4-июнь орозонун акыркы күнү жана бүгүн таңда ооз бекилет", - деген муфтий.

Муфтий Орозо айт майрамы Кыргызстанда 5-июнь белгиленерин айтып,жалпы кыргызстандыктарды келе жаткан айт майрамы менен куттуктап өткөн.

Пикир

Оставить комментарий