• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кыргызстанда пандемиядан кийинки жашоо: Социалдык маселелер биринчи орунда турат

Аналитика 0

Кыргызстан акырындык менен постпандемиялык мезгилге өтүп жатат. Биз буга чейин маалымдагандай, 1-майдан тарта өлкөдө өзгөчө абал жана өзгөчө кырдаал режимдериндеги айрым чектөөлөр алына баштаган. Анын баары экономикалык тармакты колдоого багытталган. Өлкөнүн бюджетин толуктоо, каржылык маселелерди чечүү керектелет. Анткени булардын баары жарандардын социалдык жактан камсыздоосуна түздөн-түз байланыштуу.

"Кабар" МАБдын туруктуу адиси Евгений Донченко белгилегендей, өлкөдөгү өзгөчө абал жана өзгөчө кырдаал режиминдеги айрым талаптардын алынуусу керектүү чаралардын бири.

"Кыргызстан - экономикалык ресурстарга чектелүү өлкө. Мындан улам коронавируска чалдыккан учурлар катталып жаткандыгына карабастан, бийлик бул кадамдарга барып жатат. Узакка созулган карантин оорунун жайылышын азайтууга жардам берди, бирок өлкөнүн экономикасына олуттуу зыян алып келди. Мындан да чоң жоготууга жол бербөө үчүн жогоруда айтып өткөн чечимдер кабыл алынды. Бул чаралар каржылык маселелерди оң багытка чечип, бюджетке киреше түшүшүнө алып келет. Калктын көпчүлүк бөлүгү мамлекеттик бюджетке көз каранды болгондуктан экономикалык ишмердүүлүктүн этап-этабы менен жандарганын туура деп эсептейм", - дейт адис.

Белгилей кетсек, карантин күндөрү да президент Сооронбай Жээнбеков социалдык маселелер боюнча иш алып барган бир катар жооптуу адамдар менен жолугушууларды өткөрүп турган. Алсак, өлкө башчы вице-премьер-министр Аида Исмаилованы кабыл алган.

Жолугушууда коронавирус инфекциясынын мындан ары жайылуусуна жол бербөө, өлкөдөгү эпидемиологиялык кырдаалды турукташтыруу жана медицина кызматкерлери менен калктын социалдык аярлуу катмарына колдоо боюнча чаралар талкууланды.

Президент Сооронбай Жээнбеков учурда социалдык блок боюнча вице-премьер-министрдин көңүлү саламаттыкты сактоо маселесине өзгөчө бурулушу керектигин билдирди. Коомчулуктун жана эксперттердин пикирлерин эске алуу менен бул системадагы кемчиликтердин баарын ыкчам жоюу керектигин баса белгиледи.

"Президенттин мамлекеттик системадагы кемчиликтерге байланыштуу маселелерди үзгүлтүксүз көтөрүп жатканы чындыгында өтө чоң мааниге ээ. Мындай көрүнүштөр Кыргызстанга учурдагы кырдаалдан пайдалуу сабак алууга мүмкүнчүлүк берет. Анда кризис мезгилинде бийлик канчалык деңгээлде өз милдеттерин аткара алгандыгы сыналат. Сооронбай Жээнбеков Кыргызстан туш болгон кырдаалды жакшы билип турат", - деп белгиледе Евгений Донченко.

Президент ооругандары дарылоодо коронавирус инфекциясынын жугузуп алуу тобокелдигин азайтуу үчүн аларды жеке коргоочу каражаттар менен толук камсыз кылуу зарылдыгына көңүл бурду. Врачтарга жана медперсоналга эмгек акыларын жана кошумча берилүүчү төлөмдөрдү өз маалында берүүнүн маанисин баса белгиледи.

Мамлекет башчысы жакынкы мезгилге өлкөдөгү эпидемиологиялык кырдаалдын өнүгүшүнүн ар кыл сценарийлерин иштеп чыгуу керектигин айтты. Ошондой эле калкка вируска байланыштуу учурдагы кырдаал, гуманитардык жардамдын жана жарандар менен уюмдардан атайын эсепке түшүп жаткан каражаттар жана алардын бөлүштүрүлүшү боюнча толук жана ачык-айкын маалымат берүү зарылдыгына токтолду.

"Жардамга муктаж бир да адам тийиштүү жардамсыз калбашы керек", — деп баса белгиледи Сооронбай Жээнбеков.

Ошондой эле Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлери менен катышуучуларына жана Апрель революциясынын баатырларына социалдык төлөмдөрүн өз маалында камсыздалышы керектигине көңүл бурду.

"Кыргызстандын президенти ички жана эл аралык деңгээлде көптөгөн жолугушууларды өткөрүүдө. Ал эл аралык каржы институттары менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатат. Ошондой эле республиканын аймактарындагы кырдаалды көзөмөлдөп, бардык жооптуу адамдардын иш-аракеттерин дайыма көзөмөлдөп жатат. Өлкөдөгү коомдук-социалдык абал туруктуу деңгээлде турганын көрүүгө болот. Экономика тармагы боюнча тыянак чыгарууга азыр эрте. Бүткүл дүйнөлүк система олуттуу өзгөрүүлөргө дуушар болот. Андыктан айрым мамлекеттердин экономикасы эмне болооруна талдоо жүргүзүү азырынча мүмкүн эмес. Бирок КРнын өкмөтү тарабынан көрүлгөн чаралар олуттуу кризиске жол бербейт деп айта алам. Сооронбай Жээнбеков да абалды көзөмөлдөөдө, ал биринчи кезекте республиканын калкынын ден соолугун сактоого багытталган бардык чечимдердин так жана өз убагында аткарылышына өбөлгө түзөт. Белгилей кетүүчү нерсе, Кыргызстандын бийлиги калктын аярлуу катмары өлкөнүн бакубаттуулугун жана бийликтин жөндөмдүүлүгүн көрсөтө турганын эске алып, аларга жардамдарды үзгүлтүксүз жүргүзүүдө", - деди Донченко.

Өз кезегинде вице-премьер-министр дарыгерлерге бардык кошумча төлөмдөр өз убагында берилерин белгиледи. Бул багытта тиешелүү акча каражаты бөлүнгөн. Ошону менен катар Аида Исмаилова тиешелүү органдар менен биргеликте дары-дармектердин баасын жөнгө салуу, айрым фармацевтикалык компаниялар тарабынан баалардын көтөрүлүшүнүн себебин аныктоо боюнча иштер жүрүп жаткандыгын маалымдады.

"Эң негизгиси оор мезгилде мамлекет башчы тарабынан жооптуу кызмат адамдарынын алдына койгон милдеттеринин бардыгы өз убагында жана тезинен аткарылуусу керек. Азыр чоң жоопкерчилик жүктөлгөн адамдар көйгөйлөрдү тезинен жеңип, керек болсо айрым жерлеринде көйгөйлөрдү татыктуу чечиши керек", - деп билдирди адис.

Ошондой эле президент эң негизги ведомствонун башчысы менен жолугушкан, тактап айтканда, Эмгек жана социалдык өнүгүктүрүү министри Улукбек Кочкоров менен жолугушкан. Анда өзгөчө кырдаал жана өзгөчө абал шарттарында калктын социалдык жактан аярлуу катмарына тиешелүү жардамдарды көрсөтүү жана аларды колдоо боюнча чаралар талкууланды. Президент Жээнбеков түзүлгөн кырдаалда муктаж жарандарга даректүү жардамдарды көрсөтүү боюнча иштер өзгөчө көзөмөл алдына болушу керектигин эске салды жана бул багытта иштерди күчөтүүгө чакырды.

"Жогоруда айтылган көрсөтмөнүн аткарылышына компетенттүү органдардын кандай жоопкерчилик менен аткарып жатканы оор мезгилде байкалат. Өлкө башчынын бардык талаптарын аткаруу керек. Сооронбай Жээнбеков азыр психологиялык абал чоң роль ойной тургандыгын түшүнүп жатат. Андыктан муктаж болгондордун бардыгына өз убагында жана даректүү колдоо көрсөтүүдө. Президент жана өкмөт тарабынан өлкөдө татаал жана туруксуз эпидемиологиялык кырдаалга карабастан экономикалык ишмердүүлүктү жарым-жартылай калыбына келтирүү жөнүндө чечим кабыл алынгандыгын айтпоого болбойт. Бул кадамдар экономикага жана бизнес тармагына оң таасир тийгизип, өлкөнүн бюджетине көрүнүктүү пайда алып келет", - дейт адис Павел Дементьев.

Ошол эле учурда президент түзүлгөн кырдаалда көбүрөөк жардамга муктаж ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жана улгайган жарандарды социалдык жактан коргоону талаптагыдай камсыз кылууга көңүл бурду. Мамлекет башчысы бардык муктаж жарандарды гуманитардык жардамдар менен камсыздоо боюнча иштерди тездетүү, ага тартылган мамлекеттик органдар менен жергиликтүү бийликтин ортосундагы координацияны күчөтүү зарылдыгын белгиледи. Ошону менен бирге платформалар аркылуу, анын ичинде заманбап санарип технологияларды колдонуу менен муктаж жарандар менен кайтарым байланышты күчөтүүнүн маанисин баса белгиледи.

Ал эми Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри Улукбек Кочкоров республика боюнча 490 миң жаран ар кандай социалдык төлөмдөрдү аларын билдирди. Бүгүнкү күндө бардык суммалар каржыланган, төлөмдөр боюнча карыздар жок. Улукбек Кочкоров аз камсыз болгон жана кыйынчылык тарткан үй-бүлөлөргө жардам көрсөтүү максатында "1227" тынымсыз телефону иштетилип, аны менен күнүгө 30 миңге жакын кайрылуулар болуп жатканын баса белгиледи. Мындан сырткары, жарандар жардам боюнча кайрыла ала тургандай 1227.tunduk.kg онлайн платформасы түзүлгөн. Министр келип түшкөн кайрылууларга ылайык тизме түзүлүп, андан ары жергиликтүү бийлик органдарына тиешелүү жардамдарды көрсөтүүгө жиберилип жатканын белгиледи. Бул системалар аркылуу келген бардык арыздар убагында канааттандырылган.

Иштер бир дагы секундга токтоп калган жок. Мамлекет жана бийлик ушул оор кырдаалды жеңүү үчүн бардык күч-аракетин жумшоодо. Кыргызстан тарыхында биринчи жолу ушундай кризиске туш болду. Бул баары үчүн сыноо мезгили. Олуттуу көйгөйлөрдөн алыс болуп, татаал маселелерди чече алабыз деп үмүттөнөбүз.

"Кабар" МАБ

Пикир

Оставить комментарий