• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Камбар-Ата-1 ГЭСи – энергетикалык көз карандысыздыкка карай дагы бир кадам

Аналитика 0

8-июнда Жалал-Абад облусунда Камбар-Ата-1 ГЭСинин курулушуна старт берилди.

"Камбар-Ата-1 ГЭСин куруу” долбоору Камбар-Ата ГЭС каскадынын курамындагы эң ири энергетикалык объект болуп саналат, ал бийиктиги 256 метр аска таш менен төшөлгөн, чоподон жасалган өзөгү менен курулган тосмонун жана орнотуу кубаттуулугу 1860 МВаттык, көп жылдык энергия иштеп чыгуусу 5,6 млрд кВт/саатты түзгөн, сыйымдуулугу 5,4 млрд метр куб суу сактагычы бар ГЭСти курууну камтыйт. Куруу убактысы 8 жылдан 10 жылга чейин созулат. ГЭСтин биринчи гидроагрегатын төрт жылдан кийин ишке берүү пландалууда.

КР президенти Садыр Жапаров ГЭСти курууну баштоо иш-чарасына катышып, сөз сүйлөдү.

“Биз бүгүн өлкөбүздүн энергетикалык коопсуздугун камсыз кылуучу Орто Азия аймагындагы эң ири гидроэлектростанциянын биринин курулуш ишин баштап жатабыз!”, - деген өлкө башчысы долбоорду ишке ашыруу өлкөнү өнүктүрүүнүн темпинде маанилүү роль ойноп, кыргыз элинин жыргалчылыгына жана экономиканын абалын жакшыртууга салым кошот деп белгиледи.

Камбар-Ата-1 ГЭСи Нарын дарыясынын ортоңку агымында жайгашкан, кубаттуулугу 1900 МВт жакын жана жылына 5,6 миллиард кВт/саат электр энергиясын иштеп чыгаруучу Камбар-Ата ГЭСтеринин бүткүл каскадынын эң ири объектиси болуп калары көңүл бурууга татыктуу.

4,65 млрд кубметр көлөмдүү суу сактагыч Төмөнкү Нарын ГЭС каскадынын (Токтогул, Күрпсай ГЭСи жана башкалар) кышкы энергетикалык берүүсүн азайтууну камсыз кылуу менен энергетиктердин кызыкчылыгына Нарын дарыясынын агымын мезгилдүү жөнгө салууну ишке ашырат.

Ошондуктан Камбар-Ата-1 ГЭСинин маанилүү артыкчылыгы кыш мезгилиндеги чектөөлөрдөн көз карандысыз иштеши болмокчу, анткени станциядан чыгарылган суу Токтогул суу сактагычына топтолот. Мындан тышкары, Камбар-Ата-1 ГЭСинин толук ишке кириши менен Камбар-Ата-2 ГЭСинин толук кубаттуулукта иштеши үчүн шарттар түзүлүп, экинчи жана үчүнчү агрегаттар ишке киргизилип, кийин анын кубаттуулугу жогорулайт.

“Жыйынтыгында бул эки маанилүү ГЭСибизди толук иштетип, кубаттуулугу 1000 мегаватт өндүрүүгө жетишебиз. Бул көлөм азыркы Токтогул ГЭСинде өндүрүлүп жаткан электр энергиясына барабар болот”, - деди Жапаров.

Камбар-Ата-1 ГЭСин ишке киргизүүнүн жыйынтыгында өлкөнүн жылдык таза кирешеси 234 млрд доллардан ашат. Тактап айтканда, Камбар-Ата-1 ГЭСинде жылына 5,6 млрд кВт/саат электр энергиясын өндүрүү күтүлүүдө жана өндүрүлгөн электр энергиясынын ар бир кВт/саатын “CASA-1000” долбоору аркылуу 5,15 АКШ центине сатуу мүмкүнчүлүгү пайда болот. Бул жагдай Кыргызстандын экономикасына чоң салым кошоору шексиз. Мындан тышкары, Камбар-Ата-1 ГЭСинин ишке кириши коңшу мамлекеттердин ирригациялык көйгөйлөрүн чечип, аймактагы суу-энергетикалык балансты турукташтырууга салым кошуп, Кыргызстанга эле эмес, Борбордук Азияга да пайда алып келет.

Учурда инфраструктуранын даярдалган бөлүгү бар (базалар, жолдор, карьерлер), 500 кВ “Датка-Кемин” аба электр чубалгысы жакын жайгашкандыктан Камбар-Ата-1 ГЭСи электр энергиясын бөлүштүрүү схемасы боюнча эң аз чыгымга ээ болот, республиканын калкын кыш мезгилинде энергия менен камсыздоо маселелери чечилет. Келечекте өлкөдө электр энергиясын керектөөнүн өсүшү канааттандырылат.

Долбоорду каржылоо

Камбар-Ата-1 ГЭСин куруу боюнча даярдык иштерине республикалык бюджеттен 1,5 млрд сом бөлүнөт. Бүгүнкү күнгө карата жүргүзүлгөн изилдөө, техникалык-экономикалык негиздөө жана башка жумуштардын аткарылышына КРнын жеке каражатынан 412,8 млн сом бөлүнүп берилди.

Бөлүнгөн каражат ГЭС курула турган аянтка баруу үчүн транспорттук тоннель, Нарын дарыясынын эки жээгин бириктире турган көпүрө, жогорку чыңалуудагы электр чубалгыларын, автожолдорду жана жумушчулар жашай турган шаарча курууга жумшалат. Пландалгандай зарыл болгон каражаттын калган бөлүгү өнөктөштөрдүн эсебинен тартылат.

Садыр Жапаров иш-чарада бул тууралуу мындай деп билдирди: "Даярдык көрүү иштеринин аткарылышы негизги курулуш иштерин жүргүзүү аянтына болгон инвесторлордун, өнөктөштөрдүн кызыгуусун арттырат. Учурдан пайдаланып кызыкдар өнөктөштөрдү бул долбоорду ишке ашырууда кызматташууга даяр экенибизди билдирип кетким келет”.

Мындан ары эмне болот?

1991-жылдан тартып эл аралык каржы уюмдары жана өнөктөш өлкөлөр тарабынан республиканын гидроэнергетикасына 1 млрд доллардан ашык каражат салынган, бирок бул каражат мамлекеттин азыркы абалын жакшырта алган эмес.

Албетте, Токтогул ГЭСин жана Бишкек ЖЭБди модернизациялоо жана реконструкциялоо менен өлкөнүн энергетикалык коопсуздугуна жетишүү мүмкүн болгон жок. Бул үчүн, мурда айтылгандай, Жогорку Нарын ГЭСтер каскадын жана Камбар-Ата-1 ГЭСин куруу долбоорун ишке ашыруу зарыл, бул CASA-1000 долбоорунун алкагында электр энергиясын экспорттоодон кошумча киреше алууга мүмкүндүк берет.

Бүгүнкү күндө Кыргызстан өлкөнүн гидроэнергетикалык мүмкүнчулүгүнүн 10-11%ын гана пайдаланат. Ошол эле учурда бардык электр энергиясы совет доорунда курулган Төмөнкү-Нарын ГЭС каскадында өндүрүлөт, ал республикада 5 станцияны камтыган жалгыз комплекс: Токтогулская – 1200 МВт, Күрпсай – 800 МВт, Ташкөмүр – 450 мегаватт, Шамалдысай - 240 мегаватт жана Үчкоргон - 180 мегаватт.

Энергетиктер Кыргызстанда калктын санынын өсүү темпи жана ишканалардын санынын көбөйүшү менен бул кубаттуулуктар жетишсиз болуп жатканын жана Кыргызстандын Түштүк Азияга электр энергиясын экспорттоо каалоосун эске алуу менен Жогорку-Нарын каскадын жана Камбар-Ата-1 ГЭСин куруу долбоорун ишке ашыруу үчүн жаңы компанияларды издөө өлкө үчүн маанилүү болуп саналарын белгилешет.

Ошондуктан келечекте “Кмбар-Ата-1 ГЭСин гана эмес, “Суусамыр-Көкөмерен”, “Сары-Жаз”, “Казарман” жана “Жогорку-Нарын” каскады сыяктуу гидроэлектрстанцияларын куруу зарыл. Ошондон кийин гана республиканын энергетикалык коопсуздугуна жана эгемендигине жетишилгендигин жарыялоого болот.

Муну менен катар мурдагы тажрыйбаны дагы эстен чыгарбоо керек, анда өлкөдөгү ГЭСтерди реаблитациялоого салынган ири каражат эч кандай натыйжа бербей турганы көрүнүп турат. Ал эми Кыргызстанда ГЭСтин курулушун баштоо үчүн нөлдөн баштап чет элдик компанияларды тартуу — ишенимсиз.

“Кабар” МАБ

Пикир

Оставить комментарий