• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Ош шаарында дезинфекциялоо иштери уланууда

Аймак 0

Бишкек, 02.05.20. /Кабар/. Өлкөдө коронавирус илдетинин жайылып кетүү коркунучун алдын алуу максатында Ош шаарында дезинфекциялоо иштери уланууда, - деп билдирет Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы.

Министрликтин маалыматына караганда, бүгүн ӨКМдин Ош шаардык башкармалыгы тарабынан шаардагы эл көп барган жерлер дезинфекцияланган: жер-жемиш дүң базары, турак үйдүн дарбазалары, тратуарлар, көп кабаттуу үйлөрдүн тепкичтери, балдар ойноочу аянтчалар, Кесиптик окуу жай, жер төлөөдөгү унаа токтотуучу жайлар, 12 аялдама, 14 дарыкана, 6 касапкана, 22 кичи дүкөн, 3 автоунаага май куючу жай, 10 машина оңдоочу жай, 5 навайкана, 2 тиш дарылоочу мекеменин имараты. Бул иш-чараларга 2 автоунаа жана 38 кызматкер тартылган.

Учурда Кыргызстандын бардык аймагында дезинфекциялоо иштери уланууда.

Пикир

Оставить комментарий