• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кыргызстанда PISA`га даярдануу үчүн 66 мектепте пилоттук изилдөө жүргүзүлөт

Билим 0

Бишкек, 13.03.24. /Кабар/. Кыргызстан 2025-жылы PISA эл аралык изилдөөсүнө катышат. Бул тууралуу "Кабар" агенттигинде өткөн маалымат жыйынында Билим берүү жана илим министрлигине караштуу Мектептик, мектептен тышкаркы жана кошумча билим берүү башкармалыгынын башчысы Алтынбек Жапаров билдирди.

Анын айтымында, изилдөө онлайн жана офлайн негизде өтөт. Азыркы учурда Кыргызстан изилдөөгө онлайн катышууга толук шарттар барбы деген маселенин үстүндө иштер жүргүзүлүп жатат. Анын жыйынтыгы менен Билим берүү жана илим министрлигинин буйругунун негизинде изилдөөгө Кыргызстан онлайн, же офлайн катышары белгилүү болот.

"2023-жылы Кыргызстанда жалпы 1200 мектеп компьютердик техникалар менен жабдылып, бары интернетке кошулган. Мындан тышкары, акыркы эки жылдан бери мугалимдер дагы, окуучулар дагы PISA`га окшош тесттер менен окушуп, даярдыктан өтүшүүдө. Бул абитуриенттерди дүйнөнүн алдыңкы окуу жайларына окууга тапшыруусуна алдын ала даярдык десек дагы болот", - деди ал.

Жапаров аталган изилдөөгө 15 жаштагы мектеп окуучулары, колледж жана орто окуу жайлардын студенттери катыша ала турганын белгиледи.

"Башкача айтканда, быйылкы жылы пилоттук негизде 15-апрелден 24-майга чейинки аралыкта өткөрүлө турган изилдөөгө 2008-жылы төрөлгөн балдар, ал эми кийинки 2025-жылы ошол учурда 15 жашка чыккан балдар катышат", - деди ал.

Жапаров 15-апрелден 24-майга чейин республиканын 66 мектебинде PISA`га даярдануу үчүн төмөнкү багыттар боюнча пилоттук изилдөө өткөрүлөрүн кошумчалады:

- математикалык;
- окуу жана түшүнүү;
- табигый-илимий багыт.

Пикир

Оставить комментарий