• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Аймактык реформа. Жалал-Абад шаардык кеңешинин депутаттарынын саны көбөйдү

Аймак 0

Бишкек, 13.03.24. /Кабар/. Күн мурун Жалал-Абад шаардык кеңешинин кезексиз XXXVIII сессиясы өттү. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, сессиянын башында Борбордук шайлоо комиссиясынын өкүлү тарабынан президенттин 2024-жылдын 7-февралындагы №24 жарлыгына ылайык, пилоттук режимде жүргүзүлүп жаткан административдик-аймактык реформанын алкагында жергиликтүү кеңештердин иши жөнүндөгү убактылуу жобого ылайык депутаттар мындан ары өз ишмердүүлүгүн улантып, ыйгарым укуктарынын чегинде иш алып баруусу айтылды.

Маалыматка ылайык, буга чейин Жалал-Абад шаардык кеңешинин депутаттарынын саны 31 болгон болсо, шаарга бириккен айыл аймактардан келген депутаттар кошулуп, жалпы 79 эл өкүлү болду.

Тактап айтканда, Таш-Булак айыл аймагынан 31, Ырыс айыл аймагынан 12, ал эми Барпы айыл аймагынан 5 депутат кошулду.

Пикир

Оставить комментарий