• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кыргыз улуттук университетине эл аралык тестирлөө борбору ачылды

Билим 0

Бишкек, 26.01.24. /Кабар/. Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинде Anglia Examinations эл аралык тестирлөө борбору ачылды. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришти.

Ведомствонун билдирүүсүнө караганда, Кыргыз улуттук университетинин ректору Төлөбек Абдырахманов тестирлөө борборунун ачылышы студенттер үчүн келечектүү долбоор экенин айтып, тилдерди үйрөнүүгө чакырып, тил билүү менен көптөгөн мүмкүчүлүктөр ачыларын белгиледи.

Билим берүү жана илим министрлигинин мектептеги жана мектептен тышкаркы билим берүү башкармалыгынын башчысы Алтынбек Жапаров англис тилин билүү – заман талабы экенин баса белгилеп, бул долбоор тил үйрөнүүгө чоӊ салым кошоорун, тил билген жаштардын келечеги кеӊ болуп, өлкөгө пайда алып келээрин кошумчалады. Учурда министрлик тарабынан көп тилдүүлүктү өнүктүрүү багытында иштер жүрүп, окуучу, студенттер гана эмес мугалимдерге да тилдерди үйрөтүүгө басым жасалууда.

Anglia examinationsдин расмий өкүлү Мартин Клотз Anglia examinations долбоорунун аткарган иштери, багыттары тууралуу бетачар жасап, студенттерге жана мугалимдерге толук маалымат берди.

Аталган долбоор тестирлөөдөн тышкары Англиянын университтетеринде онлайн окуу аркылуу кош дипломго ээ болуу мүмкүндүгүн, Anglia Examinations борборунун 5 деӊгээлден турган тил үйрөтүү китептерин, Улуу Британияда 2-6 жумага чейин окуу үчүн балдар жана студенттер үчүн жайкы программаларды, мугалимдердин квалификациясын Улуу Британияда жогорулатууну сунуштамакчы.

Пикир

Оставить комментарий