• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кыргызстанда сутка ичинде 12 өрт кырсыгы катталды

Кырсык 0

Бишкек, 28.10.21. /Кабар/. Кыргызстанда бир сутка ичинде 12 өрт кырсыгы катталып, аларды өчүрүүгө 13 бөлүм тартылган. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Бишкек шаарында 4, Ош шаарында 1, Чүй облусунда 3, Ош облусунда 1, Нарын облусунда 1, Жалал-Абад облусунда 1, Баткен облусунда 1өрт кырсыгы катталган.

Бишкек шаарынын Свердлов районундагы Кайыңды жаңы конушунда турак үйдүн чатыры күйгөн. Өрттүн себеби такталууда.

Чүй облусунун Сокулук районундагы Сокулук айылында жайгашкан жалпы аянты 150 чарчы метр болгон турак үй толугу менен күйгөн. Өрттүн себеби такталууда.

Ош облусунун Кара-Суу районундагы Гайрат айылында жыгач устундуу шифер жабылган турак үй жана мончонун 252 чарчы метр чатыры, 0,5 куб отун, 0,5 куб тезек жана үй тиричилик буюмдары күйгөн. Өрттүн себеби такталууда.

Баткен облусунун Кадамжай районундагы Авсамат айылында жалпы аянты 160 чарчы метр болгон турак үй толугу менен күйгөн. Өрттүн себеби такталууда.

Пикир

Оставить комментарий