• 89.51
  • 97.5
  • 0.97

Баткен: Шайлоо учурунда укук бузууларга жол берилбейт

Аймак 0

Бишкек, 28.10.21. /Кабар/. Баткен облустук ички иштер башкармалыгынын жетекчилиги Лейлек районунун Андарак айылында жергиликтүү тургундарга түшүндүрүү иштерин жүргүздү. Бул тууралуу облустук милициянын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, жыйынга Лейлек райондук администрациясынын өкүлдөрү, айыл башчылар, жеринде кызмат өтөп жаткан милиция кызматкерлери катышты.

"Шайлоо учурунда жана үгүт иштеринде шайлоочулардын добушун сатып алуулар, административдик ресурс пайдалануу боюнча мыйзамда көрсөтүлгөн беренелер боюнча түшүндүрмөлөр берилип, ар бир жарандын конститутциялык-укуктук жоопкерчилиги каралганы белгиленди", - деп айтылат маалыматта.

Белгиленгендей, мындай жыйналыштар облус аймагындагы бардык аймактарда жүргүзүлгөн.

Пикир

Оставить комментарий