• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кыргызстанда сутка ичинде 123 адам коронавирустан айыкты

COVID - 19 0

Бишкек, 06.10.20. /Кабар/. Кыргызстанда сутка ичинде 123 адам коронавирустан (пневмонияны эсепке алганда) айыгып чыкты. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Бишкек шаарында – 8, Ош шаарында – 4, Чүй облусунда - 8, Ош облусунда – 41, Талас облусунда - 1, Нарын облусунда - 2, Ысык-Көл облусунда – 12, Жалал-Абад облусунда – 29, Баткен облусунда – 18 бейтап коронавирустан айыкты.

Учурда Кыргызстанда коронавирустан (пневмонияны эсепке алганда) айыгып чыккандардын жалпы саны 43 миң 644кө жетти.

Пикир

Оставить комментарий