• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кыргызстанда сутка ичинде 139 адамдан COVID-19 табылып, 1 бейтап каза болду

COVID - 19 0

Бишкек, 05.04.21. /Кабар/. Кыргызстанда бир суткада коронавирус 139 адамдан табылды. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдирди.

Маалыматка ылайык, Бишкекте –123, Чүй облусунда – 9, Ысык-Көл облусунда – 10, Нарын облусунда – 1, Ысык-Көл облусунда – 3, Жалал-Абад облусунда – 3 кишиден илдет табылган.

Ал эми бир сутка ичинде 107 адам коронавирустан айыгып чыккан. Алсак, Бишкекте – 77, Ош шаарында – 1, Чүй облусунда – 26, Ысык-Көл облусунда – 3 киши айыкты.

Сутка ичинде COVID-19 илдетинен Бишкекте 1 адам каза болду.

Бүгүнкү күнү стационарларда коронавирустан 648 бейтап, амбулатордук түрдө 774 адам дарыланууда.

“Бир сутка ичинде өлкө боюнча 3 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алганы аныкталды. Пандемия башталгандан бери 4 миң 269 медицина кызматкери коронавирус жуктуруп алган, алардын ичинен 4 миң 206 медкызматкер айыгып чыкты”, - деп айтылат маалыматта.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 89 миң 153 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 85 миң 271 киши айыгып чыкса, 1 миң 507 адам каза болду.

Пикир

Оставить комментарий