• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кыргызстанда сутка ичинде 15 өрт кырсыгы катталды

Кырсык 0

Бишкек, 13.08.21. /Кабар/. Кыргызстанда сутка ичинде 15 өрт кырсыгы катталып, өрттү өчүрүүгө 16 бөлүм тартылган. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билидрет.

Маалыматка ылайык, Бишкек шаарында 2, Чүй облусунда 7, Баткен облусунда 2, Жалал-Абад облусунда 4 өрт кырсыгы катталган.

Бишкек шаарынын Биринчи Май районунда “Тойота-Камри” үлгүсүндөгү унаанын арткы бөлүгү күйгөн. Өрттүн себеби такталууда.

Чүй облусунун Панфилов районундагы Ровный айылында жалпы аянты 60 чарчы метр болгон турак үй толугу менен жана жыгач устундуу шифер жабылган сарайдын чатыры күйгөн. Өрттүн себеби такталууда.

Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районундагы Каба айылында жалпы аянты 40,5 чарчы метр жыгач устундуу шифер жабылган турак үйдүн чатыры, аянты 105 чарчы метр 2 кабаттуу сарай, 400 түк саман, 690 түк чөп толугу менен күйгөн. Өрт кошуна жайгашкан турак үйдүн сарайына өтүп, аянты 100 чарчы метр жыгач устундуу шифер жабылган 2 кабаттуу сарайдын чатыры, 450 түк чөп толугу менен күйгөн. Өрттүн себеби такталууда.

Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районундагы Актам айылында жыгач устундуу шифер жабылган 2 кабаттуу сарайдын 60 чарчы метр чатыры, 200 түк чөп, 2 тонна саман күйгөн. Өрт электр зымдарынын кыска чыңалуусунан келип чыккан.

Пикир

Оставить комментарий