• 88.68
  • 95
  • 0.95

Билим берүү министринин орун басары жаңы окуу жылына окуу планын айтып берди

Билим 0

Бишкек, 13.08.21. /Кабар/. КР билим берүү жана илим министринин орун басары Надира Жусупбекова «Кабар» агенттигинде өткөн маалымат жыйынында алдыдагы 2021-2022-окуу жылына окуу планын айтып берди.

Анын маалыматына ылайык, окуучулар үчүн окуу планы төмөндөгүдөй болот:

- I чейрек – 15-сентябрдан башталып, окуу процесси 5-ноябрга чейин уланат (8-ноябрдан 14-ноябрга чейин эс алуу);

- II чейрек – 15-ноябрдан 31-декабрга чейин созулат (1-10-январь эс алуу);

- III чейрек – 11-январдан башталып 18-мартта бүтөт (21-марттан 27-мартка чейин эс алуу);

- IV чейрек – 28-марттан 8-июнга чейин.

Бүтүрүүчүлөр үчүн акыркы коңгуроо 9-июнда өтөт.

9 жана 11-класстар үчүн мамлекеттик экзамендер 10-июлдан 1-июлга чейин созулат. 9-класстарга күбөлүк берүү 11-июлга, ал эми 11-класстарга аттестат берүү 15-июлга пландалган.

11-класстын базасында орто кесиптик билим берүү мекемелери үчүн окуу планы:

- биринчи семестр – 15-сентябардан 31-декабрга чейин;

- экзамендик сессия – 3-21-январь аралыгында өтөт;

- эс алуу – 24-январдан 5-февралга чейин созулат;

- экинчи семестр – 7-февралдан 25-июнга чейин;

- экзамендик сессия – 27-июндан 16-июлга чейин;

- эс алуу 18-июлдан 14-сентябрга чейин.

План боюнча практика.

9-класстын базасындагы студенттерди кабыл алуучу колледждер үчүн окуу пданы:

- биринчи семестр – 15-сентябрдан 29-декабрга чейин;

- эс алуу 31-декабрдан 12-февралга чейин;

- экинчи семестр – 14-февралдан 2-июлга чейин;

- эс алуу 4-июлдан 14-сентябрга чейин.

Жогорку окуу жайлар үчүн окуу планы:

- биринчи семестр – 15-сентябрдан 31-декабрга чйин;

- экзамендик сессия – 3-21-январь аралыгында;

- эс алуу – 24-январдан 5-февралга чейин;

- экинчи семестр – 7-февралдан 25-июнга чейин;

- экзамендик сессия – 27-июндан 16-июлга чейин;

- эс алуу – 18-июлдан 14-сентябрга чейин.

"Өз кезегинде 2022-2023-окуу жылына обитуриенттерди кабыл алуу үчүн кабыл алуу комиссия 20-июндан 10-сентябрга чейин жүргүзүлөт", - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий