• 88.68
  • 95
  • 0.95

Окуу жылынын башталышынын жылдырылышы мугалимдердин эмгек акысына таасирин тийгизбейт — министрлик

Коом 0

Бишкек, 13.08.21. /Кабар/. Жаңы окуу жылынын башталышынын жылдырылышы мугалимдердин эмгек акысына таасирин тийгизбейт. Бул тууралуу “Кабар” агенттигиндеги маалымат жыйынында Билим берүү жана илим министрлигинин бюджеттик саясат жана финансылык анализ бөлүмүнүн башчысы Акыйкат Баймуратова билдирди.

Анын айтымында, КР министрлер кабинетинин токтомуна ылайык, балдардын эс алуу убагында мугалимдердин эмгек акылары сакталып калат.

“Жалпысынан министрликтин бюджетинде билим берүү тармагындагы кызматкерлердин айлык маянасын жылдык форматта төлөөгө 34 млрд 600 млн сом каралган, анын 29 млрд сому бюджеттен. 28-июлга карата мугалимдердин окуу жылындагы айлык акыларын жана эмгек өргүүсү үчүн төлөнүүчү каражаттарды кошконда 16 млн 600 миң сом каржыланган”, - деп кошумчалады ал.

Пикир

Оставить комментарий