• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Ош шаарында ири өрт катталып, аны өчүрүүгө 4 бөлүм тартылды

Кырсык 0

Бишкек, 21.05.23./Кабар/. Ош шаарында ири өрт катталып, аны өчүрүүгө 4 бөлүм тартылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Алдын ала маалымат боюнча, Курманжан Датка №52 дарегинде имараттан өрт чыккандыгы тууралуу маалымат түшкөн.

Өрттү өчүрүүгө саат 08:29да Ош шаардык №12 ӨКБдан 1 бөлүм, кошумча саат 08:37де Ош шаардык №13 ӨКБдан 1 бөлүм, 1 автошаты, саат 08:38де 1 бөлүм, саат 08:40та Ош шаардык №85 ӨКБдан 1 бөлүм, жалпы 4 бөлүм тартылган.

Министрлик кошумча маалымат берилерин маалымдады.

Пикир

Оставить комментарий