• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кыргызстанда сутка ичинде 159 адам коронавирустан айыкты

COVID - 19 0

Бишкек, 08.10.20. /Кабар/. Кыргызстанда сутка ичинде 159 адам коронавирустан (пневмонияны эсепке алганда) айыгып чыкты. Бул тууралуу "Кабар" агенттигиндеги маалымат жыйынында саламаттык сактоо министри Сабиржан Абдикаримов билдирди.

Анын айтымында, Бишкек шаарында – 17, Ош шаарында – 11, Чүй облусунда - 14, Ош облусунда – 14, Нарын облусунда 11, Талас облусунда - 10, Ысык-Көл облусунда – 20, Жалал-Абад облусунда – 37, Баткен облусунда – 25 бейтап коронавирустан айыкты.

Учурда Кыргызстанда коронавирустан (пневмонияны эсепке алганда) айыгып чыккандардын жалпы саны 43 миң 957 адамга жетти.

Пикир

Оставить комментарий