• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Кыргызстанда сутка ичинде 225 адам коронавирустан айыкты

COVID - 19 0

Бишкек, 22.08.20. /Кабар/. Кыргызстанда сутка ичинде 225 адам коронавирустан (пневмонияны эсепке алганда) айыгып чыкты. Бул тууралуу Республикалык штабдан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, Бишкек шаарында 75, Ош шаарында – 19, Чүй облусунда – 7, Ош облусунда – 45, Талас облусунда - 3, Нарын облусунда – 10, Ысык-Көл облусунда – 32, Жалал-Абад облусунда – 25, Баткен облусунда 9 бейтап коронавирустан айыкты.

Учурда Кыргызстанда коронавирустан (пневмонияны эсепке алганда) айыгып чыккандардын жалпы саны 36 миң 56га жетти.

Пикир

Оставить комментарий