• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кыргызстанда сутка ичинде 24 өрт кырсыгы катталды

Маданият 0

Бишкек, 08.07.21. /Кабар/. Кыргызстанда сутка ичинде 24 өрт кырсыгы катталып, аларды өчүрүүгө 27 бөлүм тартылган. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Бишкек шаарында 4, Ош шаарында 1, Чүй облусунда 11, Баткен облусунда 4, Ош облусунда 2, Ысык-Көл облусунда 2 өрт кырсыгы катталган.

Бишкек шаарынын Октябрь районундагы Ахунбаев көчөсүндөгү ботаникалык бакчанын аймагында 900 чарчы метр куураган чөп күйгөн. Өрттүн себеби такталууда.

Чүй облусунун Токмок шаарында “Оптовка №1” дүкөнүнүн 4 чарчы метр дубалы күйгөн. Өрт электр зымдарынын кыска туташуусунан келип чыккан.

Чүй облусунун Кара-Балта шаарында “О!” уюлдук операторунун кеңсесинин 10 чарчы метр дубалы күйгөн. Өрттүн себеби такталууда.

Чүй облусунун Сокулук районундагы Военно-Антоновка айылында жыгач устундуу шифер жабылган турак үйдүн жана бастырманын 120 чарчы метр чатыры күйгөн. Өрттүн себеби такталууда.

Ош облусунун Чоң-Алай районундагы Сарыташ-Карамык унаа жолунун 100-чакырымында “Ауди-80” үлгүсүндөгү унаанын кыймылдаткыч бөлүгү күйгөн. Өрттүн себеби такталууда.

Баткен облусунун Кадамжай районундагы Кара-Жыгач айылында аянты 78 чарчы метр сарай толугу менен жана 5 тонна жыйылган чөп күйгөн. Өрттүн себеби такталууда.

Баткен облусунун Исфана шаарында жыгач устундуу шифер жабылган эки кабаттуу турак үйдүн 164 чарчы метр чатыры жана 120 түк саман күйгөн. Өрт электр зымдарынын кыска туташуусунан келип чыккан.

Пикир

Оставить комментарий