Кыргызстанда сутка ичинде 535 адам коронавирустан айыкты. Жалпы 32 миң 764

COVID - 19 0

Бишкек, 11.08.20. /Кабар/. Кыргызстанда дагы 535 адам коронавирустан (пневмонияны эсепке алганда) айыгып чыкты. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйынында Саламаттык сактоо министрлигинин коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова билдирди.

Анын айтымында, Бишкек шаарында 45 киши, Ош шаарында – 62, Чүй облусунда – 40, Ош облусунда – 93, Талас облусунда – 43, Нарын облусунда – 30, Ысык-Көл облусунда – 74, Жалал-Абад облусунда – 87, Баткен облусунда 61 бейтап коронавирустан айыкты.

Учурда Кыргызстанда коронавирустан (пневмонияны эсепке алганда) айыгып чыккандардын жалпы саны 32 миң 764кө жетти.

Пикир

Оставить комментарий