• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кыргызстанда өткөн суткада 22 миң 563 адам коронавируска каршы эмдөөдөн өттү

COVID - 19 0

Бишкек, 12.08.21. /Кабар/. Кыргызстанда бир суткада COVID-19 коронавирустук инфекциясына каршы 22 миң 563 адам эмдөөдөн өттү. Бул тууралуу Республикалык штаб билдирет.

Маалыматка ылайык, анын ичинен 7 миң 664 адам вакцинанын биринчи дозасын, 14 миң 899 жаран экинчи дозасын алды.

Өлкө боюнча жалпы 562 миң 962 адам вакцинанын биринчи компоненти менен, ал эми 216 миң 363 жаран экинчи компоненти менен эмделди.

Пикир

Оставить комментарий