• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кыргызстанда акыркы суткада 10 адамдан коронавирус табылып, бир бейтап каза болду

COVID - 19 0

Бишкек, 07.03.22. /Кабар/. Кыргызстанда 7-мартка карата коронавирус 10 адамдан аныкталды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги билдирет.

Маалыматка ылайык, анын ичинде Бишкек шаарында – 9, Чүй облусунда – 1 адамдан илдет табылган.

Акыркы суткада 39 адам илдеттен сакайып чыкты, бир бейтап каза болду.

Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 153 бейтап, амбулатордук түрдө 260 адам дарыланууда.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 200 миң 641 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 195 миң 685 киши айыгып чыкса, 2 миң 966 адам каза болду.

Пикир

Оставить комментарий