• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кыргызстанда өткөн жылы 825 миң 528 паспорт даярдалган

Коом 0

Бишкек, 18.01.21. /Кабар/. Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы «Инфоком» мамлекеттик ишканасына караштуу Мамлекеттик персонификациялоо борбору 2020-жыл ичинде 825 миң 528 паспорт даярдап чыгарган. Бул тууралуу Мамлекеттик каттоо кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, статистикага паспорттордун бардык түрлөрү кирет: жалпы жарандык, дипломаттык, кызматтык, ошондой эле 2017-жылдын үлгүсүндөгү eID-карталар.

"Кыргызстандын жарандарды үчүн тариздетилүүчү паспорттордун саны өткөн жылда мурунку жылдарга салыштырмалуу төмөндөгөн. 2017-жылы 901 миң паспорт даярдалган. 2018-жыл ичинде бардыгы болуп 916 миң паспорт жекелештирилген. 2019-жылы 950 миңден ашуун паспорт даярдалган. Ал ортодо, биометрикалык паспорттордун чыгаруунун башталышы менен, 2017-жылдын май айынан тартып бүгүнкү күнгө чейин 1 миллион 950 миңден ашуун eID-карталар даярдалган", - деп айтылат билдирүүдө.

Белгилей кетсек, миллионунчу биометрикалык паспорт Кыргызстанда 2019-жылдын 14-январында берилген. Ал эми эки миллионунчу eID-картаны берүү 2021-жылдын февраль айында күтүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий