• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кыргызстанда тузду аз колдонуу боюнча маалыматтык кампания жүрүүдө

Ден соолук 0

Бишкек, 01.11.23. /Кабар/. Кыргызстанда 30-октябрдан 6-ноябрга чейин тузду ашыкча колдонуунун тобокелчиликтери тууралуу маалыматтуулукту жогорулатууга, сергек жашоо образын колдоого багытталган "Туз кошуу адатыбыздан кутулабыз" урааны астындагы жумалык маалыматтык кампаниясы башталды. Бул тууралуу "Кабар" агенттигинде өткөн маалымат жыйынында саламаттык сактоо министринин орун басары Бүбүжан Арыкбаева билдирди.

Анын айтымында, аталган кампания министрликтин алдындагы Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө департаментинин жана Кыргызстандагы Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун кызматташуусунда жүрүп жатат.

"Кыргызстандагы оорулардын жана өлүмдөрдүн 80%дан көбүрөөгү онкологиялык оорулар, дем алуу органдарынын өнөкөт оорулары жана жүрөк-кан тамыр системасынын оорулары сыяктуу жугуштуу эмес ооруларга туура келет. Алардын арасында оорунун 4 түрү бар, биринчи орунда – жүрөк-кан тамыр оорулары, булар артериялык гипертензия (гипертония), инсульт, инфаркт. Дээрлик ар бир экинчи чоң адамдын жогорку артериялык кан басымы бар", - деген ал бул жүрөк-кан тамыр ооруларынын өнүгүүсүнө түрткү берүүчү негизги фактор – тамак-аш тузун өтө көп колдонуу экенин белгиледи.

Арыкбаева туз тамактын ажырагыс бөлүгү болуп саналарын, бирок аны ашыкча колдонуу ден-соолукка олуттуу көйгөйлөргө алып келиши мүмкүн экенин белгиледи.

Пикир

Оставить комментарий