• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кыргызстанда В жана С вирустук гепатиттерин аныктоо жана дарылоо акысыз жүргүзүлмөкчү

Ден соолук 0

Бишкек, 06.04.23. /Кабар/. Үстүбүздөгү жылдын апрель айынан тарта В жана С вирустук гепатиттерин аныктоо жана дарылоо кызматтарын көрсөтүү боюнча программа башталууда. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, бул программа министрликтин В жана С вирустук гепатиттери менен байланышкан медициналык кызмат көрсөтүүлөрдү кеңейтүү жөнүндө буйругун аткаруунун алкагында иштейт.

"В жана С вирустук гепатиттерин баштапкы диагностикалоо боюнча кызмат көрсөтүүлөр КРнын бардык жарандары үчүн жашаган жери боюнча жалпы дарыгердик практика борборунун же үй-бүлөлүк медицина борборунун дарыгеринин жолдомосу боюнча жеткиликтүү болот. Баштапкы жыйынтыктар оң чыккан учурда В же С вирустук гепатиттерине кошумча текшерүү жалпы дарыгердик практика борборлорунда же үй-бүлөлүк медицина борборлорунда жүргүзүлөт.

Кан аркылуу жугуучу вирустук гепатиттерди жана адамдын иммундук жетишсиздик вирусун көзөмөлдөө борборлору (мурдагы СПИД борборлору) вирустук гепатиттерге текшерүү үчүн кан чогултушпайт. В жана С вирустук гепатиттерин аныктоо боюнча бардык изилдөөлөргө бейтаптын каны жашаган жери боюнча гана алынат", - деп айтылат маалыматта.

Ошондой эле өзүндө В же С вирустук гепатитинин бар экендигин билген бейтаптарга колунда болгон медициналык изилдөөлөрдүн бардык жыйынтыктарын жалпы дарыгердик практика борборлорунда же үй-бүлөлүк медицина борборлорунда көрсөтүп, жашаган жери боюнча дарыгердин каттоосунан өтүү (каттоого туруу) сунушталат.

В жана С вирустук гепатитин дарылоо боюнча кызмат көрсөтүүлөрдү алуу үчүн бейтаптар жашаган жериндеги жалпы дарыгердик практика борборлорундагы же үй-бүлөлүк медицина борборлорундагы гепатитти дарылоо боюнча жооптуу дарыгерге кайрылышы керек.

Программанын биринчи этабында артыкчылыктуу (чукул) тартипте дарыланууга муктаж болгон КР жарандары гана дарылоодон өтүшөт:

  1. боорду алмаштырууга (трансплантациялоого) көрсөтмөсү болбогон, боор фиброзу (цирроз) менен ооруган бейтаптар;
  2. боордун тышында оор белгилери бар бейтаптар;
  3. боорун алмаштыргандан кийин В же С вирустук гепатиттеринин рецидиви менен ооруган бейтаптар;
  4. В вирустук гепатити бар кош бойлуу аялдар;
  5. оор коштоочу оорулары бар же оор абалдагы бейтаптар (онкологиялык оорулары, ВИЧ, 1- жана 2-типтеги кант диабети, бронхиалдык астмасы, шизофрениясы, орфанндык оорулары бар бейтаптар, органдарын алмаштырган бейтаптар, өнөкөт бөйрөк жетишсиздиги жана башкалар);
  6. ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдар.

В жана С вирустук гепатиттери менен ооруган, дарыланууга муктаж болгон бейтаптардын калган категориялары тизмеге киргизилип, кезегин күтүшөт. Бул бейтаптар 2023-жылдын экинчи жарымында дары-дармектерди сатып алгандан кийин дарылана баштайт

В жана С вирустук гепатиттерин дарылоо боюнча акысыз кызмат көрсөтүүлөрдүн тизмесине төмөнкүлөр кирет:

- дарыгерлердин консультациялары;

- вируска каршы дарылар менен камсыздоо (дарылар ай сайын дарыгердин көрсөтмөсү менен берилет);

- жашаган жери боюнча жалпы дарыгердик практика борборлорунун же үй-бүлөлүк медицина борборлорунун базасында ИФА ыкмалары менен В жана С вирустук гепатиттеринин маркерлерин изилдөө;

- вирустук гепатиттерди жана АИВди көзөмөлдөө борборунун базасында ПЦР ыкмалары менен В жана С вирустук гепатиттердин маркерлерин изилдөө.

Лабораториялык жана инструменталдык изилдөөлөрдүн айрым түрлөрү (боордун УЗИси, Фиброскан, МРТ жана башкалар) бейтаптын эсебинен жүргүзүлөт.

Министрлик КР жарандары жашаган жери боюнча жалпы дарыгердик практика борборлорунда же үй-бүлөлүк медицина борборлорунда В вирустук гепатитине каршы акысыз эмдөөдөн өтө алаарын эскертет. Вакцинанын биринчи дозасы берилгенге чейин ИФА ыкмасы же ыкчам-тест менен В вирустук гепатитине текшерилүү эмдөөдөн өтүү үчүн милдеттүү шарт болуп саналат.

В жана С вирустук гепатитин аныктоо жана дарылоо боюнча кызмат көрсөтүүлөргө жалпы координацияны Республикалык, Бишкектеги жана облустук кан аркылуу жугуучу вирустук гепатиттерди жана адамдын иммундук жетишсиздик вирусун көзөмөлдөө борборлору жүргүзөт.

Пикир

Оставить комментарий