• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кыргызстанда ыдык көрсөтүүгө каршы кампания башталды

Коом 0

Бишкек, 16.03.22. /Кабар/. Евробиримдик менен БУУнун “Тендик нуру” биргелешкен демилгесинин колдоосунда ыдык көрсөтүүгө каршы социалдык тармактарда маалыматтык кампания башталды. Аны белгилүү ырчылар, шоу-бизнес өкүлдөрү, активисттер, журналисттер колдоого алды. Ыдык көрсөтүүнү түшүндүрүп берген кыргыз жана орус тилдеринде видеолор тартылып, сүрөтчү Татьяна Зеленская бул маселеге арналган иллюстрацияларын даярдады.

Кампаниянын негизги максаты - ыдык көрсөтүүнүн түрлөрү, ага кабылган учурларды коомчулукка жеткирүү, ыдыктан өзүн-өзү коргоо тууралуу түшүнүк берүү.

Маалыматка ылайык, Кыргызстанда ар бир төртүнчү аял жумуш ордунда жыныстык асылууга туш болот. («Кыргызстандагы аял судьялардын ассоциациясы» жүргүзгөн изилдөө).

Адамды кемсинткен, анын жеке чектерин бузган, ага зыян келтирген ар кандай кабыл алынгыс аракеттер же коркутуулар ыдык көрсөтүү болуп эсептелет. Ыдык көрсөтүү дээрлик бардык жерде: жумушта, көчөдө, же социалдык тармактарда болушу мүмкүн.

Пикир

Оставить комментарий