• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Кыргызстанда жапайы жаныбарлардын саны өсүүдө – Айлана чөйрөнү коргоо мамлекеттик агенттиги

Аймак 0

Бишкек, 20.11.18 /Кабар/. Айлана чөйрөнү коргоо жана токой чарба мамлекеттик агенттигинин алдындагы мамлекеттик Кара-Буура жаратылыш паркынын кызматкерлери мурда орнотулган фотокапкандарды алышкан. Андан алынган сүрөттөр көрсөтүп тургандай, ал аймакты дээрлик бардык жапайы жандыктар байырлашууда.

Аталган агенттик алар жапайы жаныбарларды, анын ичинде ак илбирсти сактоого багытталган иштери жыйынтык бере баштаганын белгилейт. Анткени, бул аймакта мурда ак илбирс менен башка айбанаттарды кезиктирүү кыйынга турчу.

Жакында Кара-Буура жаратылыш паркынын кызматкерлери дагы 4 фотокапкан орнотушкан.

Кара-Буура жаратылыш паркы Талас кырка тоолорунун түндүк бетинде жайгашкан. Аймактын эң бийик жери Манас чокусу (4484 м) болуп, жалпы аянты - 61544 гектарды түзөт.

Кара-Буура табигый паркы түндүк тарабынан Чаткал району, батыштан Казакстандын Аксу-Жабагылы табигый коругу, түндүк-батышынан Өзбекстан менен чектешет.

Пикир

Оставить комментарий