• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Ошто "Молдо Нияз Эрназар уулу” даректүү көркөм тасмасынын бет ачары болду

Аймак 0

Бишкек, 04.12.23. /Кабар/. Ош шаарындагы Ош мамлекеттик унверситетинде “Молдо Нияз Эрназар уулу” даректүү көркөм тасмасынын бет ачары болду.

Окуу жайдын басма сөз кызматынан билдиришкендей, даректүү көркөм фильм алгачкы агартуучу, кыргыз жазма адабиятынын көч баштоочусу Молдо Нияздын 200 жылдыгына карата тартылган. Тарыхый тасманын сценарийин Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер Нышанбек Кочкоров жазган. Фильмдин режиссеру Медербек Ниязалиев, башкы продюсери Кудайберди Кожобеков болду.

“Молдо Нияз Эрназар уулу” даректүү-көркөм фильмин тартууга даярдык 2023-жылдын январь айында башталган. Тасманын басымдуу бөлүгү Кадамжай районундагы Кара-Дабан аймагында, Тамаша, Кызыл-Булак айылдарында, Өзбекстандын Маргалан шааарында, Ысык-Көл, Нарын, Жалал-Абад облустарынын аймактарында тартылды. Тасманын узактыгы 55 мүнөт”, - деди фильмдин режиссеру Медербек Ниязалиев.

Даректүү тасмада башкы каарман Молдо Нияздын бала кездеги образын Амир Термечиков, 17 жаштагы образын Максат Дарибаев, 40 жаштагы образын Айбек Жунусов, ал эми 80 жаштагы образын Райымкул Мураталиев жараткан.

Тасманы жаратууда салым кошкон чыгармачыл топко ОшМУнун Ардак грамоталары, ыраазычылык каттары жана “Молдо Нияз мурастары” фондунун юбилейлик медалдары тапшырылды.

Тасманын бет ачар аземине президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Эрнис Толтоев, президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Жаныбек Исаков, “Молдо Нияз Эрназар уулу” даректүү көркөм тасмасынын сценарийинин автору КР Маданиятына эмгек сиңирген ишмер Нышанбек Кочкоров, “Молдо Нияз мурастары” фондунун төрагасы Айтмат Аззамжан уулу, Ош шаарындагы ЖОЖдордон, маданият башкармалыктарынан, мекеме-ишканалардан өкүлдөр, тасманы жаратууда катышкан чыгармачыл инсандар, окуу жайдын жамааты катышты.

Пикир

Оставить комментарий